Домой Жаңылыктар 1-4-октябрда өлкө аймагында суук болот

1-4-октябрда өлкө аймагында суук болот

1

2021-жылдын 1-4-октябрларында өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин маалыматына таянып ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 2-октябрда күндүз жана 3-октябрда кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

2-3-октябрларда Чүй өрөөнүндө 5…10°, Талас өрөөнүндө 4…9°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 9…14°, Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 4…9 градус жылуу болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.