Домой Жаңылыктар Депутат вице-мэр Азат Узаковдун жоопкерчилигин кароону сунуш кылды

Депутат вице-мэр Азат Узаковдун жоопкерчилигин кароону сунуш кылды

9

Бүгүн, 28-сентябрда Бишкек шаардык кеңештин жыйынында депутат Казыбек Эргешов вице-мэр Азат Узаковдун жоопкерчилигин кароону сунуш кылды.

Депутат билдиргендей, Узаков “Ынтымак” фракциясынын эл менен жолугушуу жыйынына келбей жатат.

“Вице-мэр “Ынтымак” фракциясынын жыйындары менен жолугушууларына көңүл бурбай жатат. Бул депутаттарды жана жашоочуларды сыйлабаганы. Анын кызматтык жоопкерчилигин мэр карашы керек”, – деди депутат.