Алдамчылык, абактан качуу жана сексуалдык кол тийбестикке каршы кылмыштар боюнча издөөдө жүргөн жарандар Россиядан кармалды
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү республиканын аймагынан тышкары укук коргоо органдарынан жана сот органдарынан качып издөөдө жүргөн адамдарды аныктоо боюнча чараларды көрүүдө.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү менен Россия Федерациясынын аймактык укук коргоо органдары биргеликте жүргүзгөн иш-чаралардын жүрүшүндө Россиянын Москва жана башка шаарларында жашырынып, издөөдө жүргөн адамдарды кармашты. Алардын баары Кыргыз Республикасынын аймагында ар кандай кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн.
— Кыргыз Республикасынын жараны Ош облусунун тургуну 1989-жылы туулган А.К. Санкт-Петербург шаарында аныкталып, кармалган. Аталган жаран Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмүндө (өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн 2021-жылдын май айынан баштап Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн, бөгөт коюу чарасы -«камакка алуу». Издөөгө алган тарапка маалымат берилип, кармалган жаран Санкт-Петербургдагы тергөө абагына киргизилген. Учурда 1993-жылдагы Минск конвенциясына ылайык экстрадициялоо маселеси чечилүүдө.
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун тургуну 1985-жылы туулган К.М. аныкталып, кармалган. 2020-жылдын август айында Жалал-Абад шаарынын ички иштер башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 2-бөлүгүндө (ири өлчөмдөгү алдамчылык) (1997-жылкы редакциясы) көрсөтүлгөн кылмыш жасагандыгы үчүн ага карата мамлекеттер аралык издөө жарыялаган. Издөөгө алган тарапка маалымат берилип, кармалган жаран Москва шаарынын тергөө абагына киргизилген, учурда 1993-жылдагы Минск конвенциясына ылайык экстрадициялоо маселеси чечилүүдө.
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун тургуну 1991-жылы туулган Ш.Ф. аныкталып, кармалган. 2016-жылдын октябрь айында Жалал-Абад облусунун Сузак райондук ички иштер бөлүмү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинин 2-бөлүгүндөгү (мамлекеттик чек араны мыйзамсыз өтүү) (1997-жылкы редакциясы) кылмышты жасагандыгы үчүн ага мамлекеттер аралык издөө жарыялаган. Издөөгө алган тарапка маалымат берилип, кармалган жаран Москва шаарынын тергөө абагына киргизилген, учурда 1993-жылдагы Минск конвенциясына ылайык экстрадициялоо маселеси чечилүүдө.
Айтылгандардан тышкары, төмөнкү жарандар дагы кармалып тергөө абактарына киргизилген:
Кыргыз Республикасынын жараны, Ош облусунун тургуну 1980-жылы туулган Ч.У. Ош ШИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 132-беренесини 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмышты жазагандыгы үчүн (Он алты жашка толо элек адам менен жыныстык катнашта болуу жана сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттерди жасоо) издөөдө жүргөн. Кылмыш иши 1998-жылдын ноябрь айында козголгон.
Алимент төлөбөгөндүгү үчүн 2019-жылдын апрель айынан бери Чүй облусунун Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмү тарабынан издөөдө жүргөн Ош облусунун тургуну 1989-жылы туулган Б.К. кармалган.
2009-жылдын февраль айында Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБи тарабынан мамлекеттер аралык издөөгө алынган Чүй облусунун тургуну 1971-жылы туулган М.К. аныкталып, кармалды. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренесинин 3–бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу) (1997-жылдагы редакциясы) издөөгө алынган.
Кыргыз Республикасынын жараны, Жалал-Абад облусунун тургуну 1987-жылы туулган А.А. кармалган. Ал Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 2–бөлүгүндөгү (ири өлчөмдөгү алдамчылык) кылмышты жасагандыгы үчүн Жалал-Абад облусунун Сузак РИИБи тарабынан 2019-жылдын декабрь айында мамлекеттер аралык издөөгө алынган.
Чүй облусунун тургуну 1985-жылы туулган Р.Х. аныкталып кармалган. Ал Бишкек ШИИББнин Биринчи май РИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмыш үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн.
Кыргыз Республикасынын жараны, Ысык-Көл облусунун тургуну 1969-жылы туулган Т.Т. кармалган. Ал 1998-жылдын августунда Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ички иштер башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски редакциясы) 190-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүгөн кылмыш жасагандыгы үчүн (Абактан качып кетүү) мамлекеттер аралык издөөгө алынган.
Учурда бардык издөөгө алган тараптарга маалымдамалар берилип, республикадан тышкары укук коргоо органдарынан жашырынып издөөдө жүргөн адамдардын кармалгандыгы боюнча бардык зарыл болгон чаралар көрүлүп, андан ары жоопко тартуу маселелери чечилүүдө.
ИИМдин Басма сөз кызматы