Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
“Ал башка кызматка которулганына байланыштуу ээлеген ордунан бошотулган”, — деп айтылат маалыматта.
Тиешелүү буйрукка калаа мэри Айбек Жунушалиев кол койгон. Анын дагы бир буйругу менен калаанын санариптештирүү жана транспорт боюнча вице-мэри болуп Талайбек Орозов дайындалды.
Русланбек Акылбеков бул кызматка жети ай мурда, тагыраагы, 8-февралда дайындалган болчу.