Домой Жаңылыктар Режеп Тайып Эрдоган: Крымды Орусиянын жери деп тааныбайбыз

Режеп Тайып Эрдоган: Крымды Орусиянын жери деп тааныбайбыз

45

Түркия Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдойт жана Крымды Орусиянын жери деп тааныбайт. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 21-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

«Биз Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин колдойбуз, анын ичинде Крымдын каратылып алынышын тааныбайбыз», — деди ал.

Мындан мурдараак Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Крымда өткөн Орусиянын Мамлекеттик Думасына болгон шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдирген.

Ага байланыштуу Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Орусия андай билдирүүлөргө каршы экенин айтып, «Өлкөлөрдүн Крым боюнча пикири эки ача болгону менен бара-бара Түркиянын көз карашы өзгөрөт», — деген.

Ошол эле учурда Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова Түркиянын Крымдагы шайлоо жыйынтыгын тааныбай турганы жөнүндө билдирүүсү боюнча Орусия тыянак чыгарарын, бул нерсе эки тараптуу алакага терс таасир этерин айткан.

Эскерте кетсек, Орусия 2014-жылдын башында Крым жарым аралын өзүнө каратып алган. Учурда дүйнөдөгү көпчүлүк мамлекет Крымды Орусиянын жери катары тааныбай келет.