Домой Жаңылыктар Кирсан Илюмжиновго берилген наам кызуу талкууда

Кирсан Илюмжиновго берилген наам кызуу талкууда

12

Калмак Республикасынын экс-президенти Кирсан Илюмжиновго “Талас облусунун ардактуу атуулу” наамы берилди.

Президенттин өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы маалымдагандай, Кирсан Илюмжинов 20-сентябрда Таласка иш сапары менен келген. Облус башчысы Бакытбек Нарбеков аны «Манас Ордо» улуттук комплексинде тосуп алган. Алар улуттук комплекстеги Манастын күмбөзүн зыярат кылып, конокко музей, Кырк чоро архитектуралык композициясы көрсөтүлгөн.

Алардын жолугушуусунда экономика, билим берүү, маданият жана спорт тармактарындагы долбоорлорду ишке ашыруу пландары талкууланган.

Бул арада Калмакстандын экс-президентине «Талас облусунун ардактуу атуулу» наамы берилгени социалдык тармакта талкуу жаратты.