Домой Жаңылыктар Ар бир телефон каттоого алынат

Ар бир телефон каттоого алынат

0
MOSCOW, RUSSIA - DECEMBER 5, 2018: A presentation of Yandex.Phone, the first smartphone by Yandex, at the Extropolis conference hall; Yandex.Phone is to go on sale on December 6, 2018. Artyom Geodakyan/TASS Россия. Москва. Во время презентации первого смартфона компании "Яндекс" - Яндекс.Телефон в магазине "Яндекса" на улице Тимура Фрунзе. Смартфон появится в продаже с 6 декабря 2018 года и его стоимость составит 17 990 рублей. Артем Геодакян/ТАСС

Кыргызстанда мобилдик телефондорду идентификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоору талкууланып жатат. Бул тууралуу 21-сентябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында айтылды.

Маалымат технологиялары боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Дастан Догоевдин айтымында, өзгөртүүлөр жөнүндөгү мыйзам кабыл алынса, Интернетке туташтырылуучу телефон же модем сыяктуу техникалык каражаттар өлкөнүн аймагына импорттолуп киргенде милдеттүү түрдө идентификациядан өтөт.

Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Догоев жеке маалымат ачыкталып кетерине коркунуч жок экенин айтты:

“Жеке маалыматка тиешеси болбойт. Анткени ал телефон менен жаран колдоно элек болот”.

Догоев мындай чара экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүүгө да жардам берерин кошумчалады.

Жыйында “Электр жана почта байланышы жөнүндө”, “Лицензиялык уруксат системасы жөнүндө” мыйзамдарга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр тууралуу мыйзам долбоору талкууланды.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште быйыл 22-июлда кабыл алынган. Президент каршы пикирин билдирип аны кайра иштеп чыгуу үчүн парламентке жөнөткөн. Догоев долбоор мамлекет башчынын сунуштарын эске алуу менен кайра иштелип чыкканын айтты.