Домой Аналитика Кыргызстанга 30 жыл: канткенде өнүгөбүз

Кыргызстанга 30 жыл: канткенде өнүгөбүз

112

Эгемендүүлүк алгандан бери дээрлик 30 жыл өттү, бирок Кыргызстан дагы эле чек ара маселесине чекит коё элек. Мындан катардагы жарандар жапа чегип жаткандыгы өкүндүрөт. Алтындан да кымбат өмүрлөр, болгондо да жаш балдар окко учканы зээнди кейитет.  Азыр башкы милдет — чындыкты табуу жана мындай окуя алдыда дагы кайталанбашы үчүн бул маселени биротоло жоюу. Чечүү жолдорун ар кайсы деңгээлде, анын ичинде эл аралык эксперттик коомдун арасынан издөө зарыл.

Делимитация жана демаркация маселелери тез арада чечилиши керек. Согуш бүттү деп саноо али эрте, себеби абал баарыбызга белгилүү болгондой абдан курч бойдон калууда, анткени эки тараптан тен жоготуулар болду. Тажик тарап ар кандай барып жатканы да түшүнүксүз болуп турат. Кыргызстан бир да чарчы метр жерди бербестиги айтпаса да белгилүү. Учурда Тажикстанда да абал туруксуз бойдон калууда.

Отуз жылда мактанарлык деле эч несе жасай алган жокпуз, чынында. Революциядан башка. Учурдагы чиновниктерди камакка алуу — бул башталышы гана. Мындан ары кандай болот, аны убакыт

Мен Кыргызстан кайсы багыттар боюнча алдыга жылбай жаткандыгынын себептерин санап берейин.

Соттор. Сот системасын толугу менен тазалоону сунуштайт элем. Себеби соттор кайсы президент келсе эле ошонун тилин угуп, мыйзамдарды сактабай, туура эмес чечимдерди кабыл алып келгенин жалпы коомчулук билип турат. Мен баардыгын айткандан алысмын, бирок эбегейсиз байлыктарды топтоп, катардагы жарандарыбыз батирлерде жашаса, соттор чет жактан турак жай сатып алып жатканы бул биринчиден туура эмес чечимдерди кабыл алган жана аша чапкандык.

Президенттер. Ооба, эгемендүү мамлекет бул көз карандысыз мамлекет. Бирок, КМШ мамлекеттер арасында салыштырмалуу артта калып баратканыбызды моюнга алышыбыз керек. Биз эч кимден эч бир жардам сурап, чөгөлөп отурбашыбыз керек, анткени ата-бабабыз андай жолго барган эмес. Бирок айрым атка минерлер ар кайсы мамлекетке барып, кайыр сураганы да кыргыздардын намысына тийип жатат. Эмнеге ушунча кен байлыктарыбыз туруп Кыргызстан башка мамлекеттен көз каранды болуусу керек деген суроо туулат. Кезегинде бийликке жеп-ичкичтер келип алып башкарганы, алар толгон-токой байлыкты ысырап кылып ары калчап, бери калчап чачып, каалаган кадрын кызматтарга коюп, каалабаса алып, кызматтар акчага сатылып, кийин чет жакка качып кеткени кыргыз эли-жерине жасаган чыккынчылык деп билем.

Баардыгынан кызыгы дал ушул президент жана анын командасы, тегереги мамлекеттин алдыга жылып, бардык тармактарда «революция» жасашына түрткү берет. Албетте, мамлекет башчы мамлекетти өнүктүрүү үчүн чечкиндүү кадамдарга барышы керек. Ажо Кыргызстандан ички эле эмес, сырткы мамлекеттер менен катнашты да жандандырып, үзүлгөндү улаган ишин элчилер менен бирге жасашы абзел.

Кедейчиликтен чыгуу. Пандемия учурунда тактап айтканда, 2020-жылы кедейчиликтин чегинде 1 млн 678 миң адам жашаган, алардын 73,7 пайызы калк отурукташкан айыл пункттарынын тургундары болуп саналган.

Улуттук статистика комитети: 2020-жылы кедейчиликтин жалпы чегинин нарктык көлөмү бир жылдын ичинде калктын киши башына 35 миң 268 сомду, эң төмөнкүсү – 19 миң 774 сомду түздү деп жарыялады. Бул деген жумушсуз жарандарыбыз абдан жогорулагандыгынан кабар берет. Тез арада жумуш орундарын түзүп, элге тамак берип алдабай, иш менен камсыз кылуу керек. Бизде болсо келген гранттарды ортодо жок кылып коюп, эч ким билбей калат деген «кыл жип менен бууп» койгондорду, жардам берип жаткан тарап байкабай калат деген «уурулар» адашышат. ошондуктан пандемия учурунда келген жардамдарды тактап, аларга кайсы жакка сарпталгандыгы тууралуу дыкат иликтенип, аягында мындай иштин артында ким тургандыгы ачыкталып жатпайбы.

Экономика. Экономиканы азыркы президент Садыр Жапаров «ит минип калган абалда» деп сыпаттады. Туура. Экономиканын ахыбалы начар. Кыргызстан өндүргөнүнөн караганда, сырттан сатып алганы арбын. Ал эми Кыргызстандын карызы 2021-жылдын 30-апрелге карата 4 млрд 933,6 млн АКШ долларын (418 млрд 322,79 млн сом) түздү.

Экономика жана финансы министрлигинин маалыматы боюнча:

  • 84,8%ы мамлекеттик тышкы карыз: 4 182,95 млн доллар (354 713,66 млн сом);
  • 15,2%ы мамлекеттик ички карыз: 750,11 млн доллар (63 609,14 млн сом).

Бул карыздан кутулуу максатында берешен кыргыз эли атайын эсеп ачып, акча чогулта баштаган. Айрымдары буга каршы чыгышкан.

Кыргыз эли негизинен эле той-топурларга жакын эл. Тойлордо ысырапкорчулук көп, анда акчанын 50-60 пайызын абага чачып ийгенге барабар. Ошол себептүү үй-бүлөнүн бюджетинде кошумча акча пайда болмоюнча той өткөрүүнүн пайдасы жок.

Муну кыскартуу максатында айрым депутаттар жамандык-жакшылыкта мал сойбоону да сунушташкан.

Мигранттар

Мигранттар маселеси абдан чоң тема. Бул жаатта айта берсе маселе көп: оору, туруксуздук, ажырашуу, балдардын туугандардыкына калуусу, мигранттардын психикалык жабыркоосу ж.б.у.с. Акыркы учурда диплому бар билимсиздер арбын. Керек болсо ЖК депутаттары диплом сатып алгандыгы байма-бай айтылып, билимди сатып алгандыгы тастыкталып жатат. Кыргызстандан эки билим алганы да жумушсуздуктун айынан чет өлкөгө иш издеп барат. Алардын көйгөлөрү ого эле көп. Алгач эле алардын коопсуздугу абдан опурталдуу маселе. Алар эч нерседен камсыздалган эмес. Канча деген «Жүк-200» эгемендик алгандан бери Кыргызстанга келип жатат, анын басымдуусу жумуштан каза табышат. Мигранттардын балдары да чоң проблема. Алар Кыргызстанда туугандарыныкында калып, ар кандай сыноолорго дуушар болуп жатышканы жүрөктү оорутат. Канча балдар туугандарына батпай, бейкүнөө ажал таап, бул дүйнө менен кош айтышууда. Ал эми мигранттардын башка мамлекеттерде туулган балдарынын көбү ташталып жаткандыгын да айтпасак болбойт. Басымдуу бөлүгү жетимдерге айланууда. Статистикага таянсак, 2021-жылдын башынан тартып Орусиядан Кыргызстанга 11 наристе алынып келинген.

Туризм. Бизде эң башкысы бийик тоолор, Ысык-Көл, Сары-Челек, Арсланбап, Жети-Огүз, Ош, облустардагы шаркыратмалар, ж.б. кооз жерлерибиз арбын. Мына ошол жерлерге туристтерди тартышыбыз керек. Аларга комфорттуу жагдай ылайыкташтырып беришибиз зарыл. Биз муну да аткара албай, аларда кайра тоноп, сабап, керек болсо жашоо менен коштоштуруп койгон учурларды моюнга алышыбыз кажет. Бул жаатта ИИМ министрлиги катуу иштеп жатканын утур айтып, ыңгайлуу шарт түзүлүп жатканын айтып жаткан чагы.

Ондүрүү жана ойлоп табуучулук

Кыргызстанда өндүрүү абдан эле начар деп айтсак болот. Биз даяр нерсеге көнгөнбүз. Жада калса ошол даяр нерсени да талкалап, бузганга да үлгүрүп жетишебиз. Бул албетте, жаман нерсе. Жада калса, баш мыйзамды да жаза албай башка мамлекеттикин уурдайбыз. Садыр Жапаров белгилегендей, «бизде тиш чукугуч чыгара турган фабрика да жок экен» деп белгилегенин себеби баарыбыз ушул убактыттан тартып Кыргызстан үчүн мен эмне салым коштум деген суроону кааласак да, каалабасак да алдыбызга коюушубуз керек. Биз болсо, тескерисинче, проблемадан качып башка мамлекеттин экономикасына салымыбызды кошуп келебиз. Статистикага таянсак, Кыргызстандын аймагында 2021-жылдын январь-март айлары аралыгында 12 миңге жакын ишкана иштеди, анын ичинен 94% чакан ишканаларга туура келди.

Оюмду аяктап жатып, Түрк лидери Мустафа Кемал Ататүрк өндүрүү боюнча мындай дегенин белгилеп кетким келет: «бир нерсе жаратпаган эл — биринчи ар-намысын, андан кийин — эркиндигин, аягында — келечегин жоготот деп таамай айтканына басым жасагым келет. Мына ошондуктан өзүбүз колубуздан жакшы, керектүү нерселерди таап, ойлонуп ой-жүгүртсөк өнүгөт белек…

Жазгул Урмамбетова